TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПА Миналарды зыянсыздандыруу боюнча 3-эл аралык конференцияга катышты

ТҮРКПА Миналарды зыянсыздандыруу боюнча 3-эл аралык конференцияга катышты

Дата
Көрүү
160
2024-жылдын 30-31-майында Башкы катчынын орун басары Талгат Адуов Азербайжан Республикасынын Миналардан тазалоо боюнча агенттиги жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) тарабынан Зангилан жана Бакуда биргелешип уюштурулган "Миналардын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтуу: коопсуздук жана жашыл келечек үчүн ресурстарды мобилизациялоо" аттуу 3-эл аралык конференциясына катышты. Иш-чарага дүйнөнүн 75 өлкөсүнөн 300дөн ашык өкүл, атап айтканда, БУУнун штаб-кеңсесинин жетекчилиги, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, кызмат адамдары, ар кайсы мамлекеттерден минага каршы күрөшүү борборлорунун адистери, ошондой эле дипломатиялык өкүлдөр катышты. Конференциянын максаты – Азербайжандагы миналар көйгөйү тууралуу дүйнөгө маалымдоо жолдорун талкуулоо, миналардан тазалоо боюнча эл аралык гуманитардык өнөктөштүктү бекемдөө жана миналардын жана согуштан калган башка жарылуучу калдыктарынын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтуу үчүн финансылык ресурстарды мобилизациялоо. Зангиланда башталган конференция мина жарылуусунан жарадар болгон жаран Тамам Жафарованын эл аралык коомчулукка кайрылуусу менен башталды.