ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПА Элбай Рзагулиевдин 100 жылдыгына арналган көргөзмөгө катышты (01.07.2026)

ТҮРКПА Элбай Рзагулиевдин 100 жылдыгына арналган көргөзмөгө катышты (01.07.2026)

Дата
Көрүү
2088

2026-жылдын 30-июнунда ТҮРКПАнын Билим берүү, маданият, социалдык жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын катчысынын милдетин аткаруучу Мирлан Үсөнканов Азербайжандын Улуттук көркөм сүрөт музейинде Мексика Кошмо Штаттарынын Азербайжан Республикасындагы Элчилиги тарабынан уюштурулган «Элбай Рзагулиев: Жүрөгү менен жараткан сүрөтчү» аттуу көргөзмө боюнча өткөрүлгөн тааныштыруу экскурсиясына катышты.

Эл сүрөтчүсү Элбай Рзагулиевдин туулгандыгынын 100 жылдыгына арналган көргөзмөдө сүрөтчүнүн өмүрүнүн жана чыгармачылык жолунун ар кыл мезгилдерин чагылдырган 100дөн ашуун живопись жана графика чыгармалары, кинотасмалар үчүн даярдалган эскиздер, фотосүрөттөр жана мультимедиялык материалдар сунушталды.

Ошондой эле көргөзмөдө анын Мексика, Америка Кошмо Штаттары, Япония, Непал, Италия жана башка өлкөлөргө жасаган чыгармачылык сапарларынын таасири менен жаралган эмгектери өзгөчө орун алып, сүрөтчүнүн чыгармачылык мурасынын эл аралык мүнөзүн айгинелеп турат.

Маданий программанын алкагында пианист Айтач Рзагулиева мексикалык композиторлордун тандалган чыгармаларын аткарып, музыка жана искусство аркылуу элдердин ортосундагы маданий диалогду жана өз ара түшүнүшүүнү өнүктүрүүгө салым кошту.