ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПА ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын 33-жылдык сессиясына катышты

ТҮРКПА ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын 33-жылдык сессиясына катышты

Дата
Көрүү
2092

2026-жылдын 4–5-июлунда ТҮРКПАнын Айлана-чөйрө, жаратылыш ресурстары жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссиясынын катчысы Айнура Абуталибова жана Билим берүү, маданият, социалдык жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын катчысы Мирлан Усенканов Нидерланд Королдугунун Гаага шаарында өткөн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЕККУ ПА) 33-жылдык сессиясына катышты.

Жылдык сессиянын башкы темасы «Эл аралык укук жана жалпы принциптер: ЕККУ мейкиндигиндеги коопсуздуктун жана кызматташтыктын негиздери» деп аталды.

Жылдык сессия ЕККУ аймагындагы мамлекеттердин парламент өкүлдөрүнүн башын кошту.