ТҮРКПА ЕККУнун Министрлер кеңешине катышты
Дата
Көрүү
129
2021-жылдын 2-3-декабрында Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр ЕККУнун Швеция Төрагалыгынын чакыруусу менен Стокгольм шаарында болуп өткөн Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) 28-Министрлер кеңешинин ишине катышты.
Жылдык жыйынга ЕККУга мүчө 57 мамлекеттин Тышкы иштер министрлери, жогорку кызмат адамдары, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
ЕККУнун борбордук чечимдерди кабыл алуу жана башкаруу органы катары Министрлер кеңеши катышуучуларга Уюмдун ишмердүүлүгүн карап чыгуу жана баалоо жана ЕККУ аймагындагы коопсуздук маселелери боюнча диалогду күчөтүү мүмкүнчүлүгүн жараткан.
ТҮРКПА ЕККУнун учурдагы Төрагалыгы тарабынан конок эл аралык уюм катары ЕККУнун Министрлер кеңешинин жыйындарына дайыма чакырылып турат.