ТҮРКПА Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата анын досторун чогултту
Дата
Көрүү
174
2023-жылдын 25-декабрында ТҮРКПА Баку шаарында көрүнүктүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата анын досторунун жолугушуусун уюштурду.
Иш-чарага Чыңгыз Айтматов менен тирүү кезинде дос жана жеке тааныш болгон түрк дүйнөсүнүн белгилүү инсандары, парламентарийлер, түрк мамлекеттердин Бакудагы элчиликтеринин өкүлдөрү катышты.
Иш-чараны ТҮРКПАнын Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр ачты. Ачылыш сөзүндө Башкы катчы катышуучуларды куттуктап, ушундай урматтуу аудитория менен бирге Чыңгыз Айтматовдун куттуу элесине дагы бир жолу таазим кылуу ал үчүн чоң сыймык экенин белгиледи. Ал белгилегендей, Чыңгыз Айтматов өзүнүн калеми жана генийи менен дүйнө жүзүндөгү миллиондогон окурмандардын жүрөгүнөн түнөк тапкан.
"Чыңгыз Айтматов - чыгармачылыгынын өчпөс оту кылымдар өтсө да окурмандарынын жана адабият ышкыбоздорунун жүрөгүн жылыткан жазуучу. Анын чыгармалары 170тен ашык тилге которулуп, бардык чыгармалары киного тартылышы менин сөздөрүмдүн визуалдык далили катары улуу жазуучунун өзгөчөлүгүн көрсөтүп турат", - деди Башкы катчы.
"Чыңгыз Айтматовдун ысымы дүйнөдөгү эң белгилүү жазуучулар менен катар аталып жатканы бекеринен эмес. Ал миллиондогон нускада жарык көргөн чыгармалары менен дүйнөдөгү эң көп окулган жазуучулардын бири", - деп кошумчалады ал.
Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр Чыңгыз Айтматовду түрк элдеринин түгөнгүс маданий жана жаратман потенциалынын жаркын ишке ашыруучу татыктуу уулу катары атады. Бул контекстте Айтматов сыяктуу баалуулуктарды сактоо жана жеткирүү Түрк дүйнөсүндөгү ар бир муундун кийинки муундарга ыйык милдети экендигин баса белгилеп, мындай баалуулуктарды даңазалоо Түрк дүйнөсүнүн "жумшак күчүн" дагы да бекемдеп, Түрк дүйнөсүнө болгон кызыгууну ойготуп жатканын белгиледи.
Иш-чараны Азербайжандандык депутат жана ТҮРКПАнын Билим берүү, маданият, социалдык жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын мүчөсү, профессор, доктор Хикмат Мамедов алып барды. Эл аралык Түрк маданияты жана мурасы фондунун Президенти доктор Актоты Райымкулова, Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Элчиси Кайрат Осмоналиев, Азербайжан Жазуучулар бирлигинин төрагасы, эл жазуучусу Анар, азербайжандык саясатчы, дипломат, жазуучу профессор, доктор Хасан Хасанов, Казак акыны, жазуучусу, дипломаты Мухтар Шаханов, өзбекстандык журналист, жазуучу, Өзбекстан Улуттук университетинен профессор, доц. доктор Ахмаджон Мелибоев, Азербайджандын депутаты профессор, доктор Иса Хабиббейли, кыргыз жазуучусу, журналист Эсенбай Нурушев, татар акыны, жазуучу, тарыхчы доктор Фаузия Байрамова, азербайжан акыны, журналист Адил Жамил, кыргыз акыны, жазуучу Абдрахман Алымбаев, Азербайжандын депутаты жана вице-премьер-министр ТҮРКПАнын Билим берүү, маданият, социалдык жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын Төрагасы профессор Низами Жафаров, "Манас" басма үйүнүн ээси Мухаммет Шенер Булут, Кастамону университетинен профессор, доктор Орхан Сөйлемез, жана Низами Гянджеви атындагы Адабият институтунан профессор, доц. доктор Мехман Хасанли иш-чарада сөз сүйлөдү.
Баяндамачылар Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы, адабий мурасы, түрк жана дүйнөлүк адабиятка кошкон салымы тууралуу айтып беришти. Чыңгыз Айтматовдун достору улуу жазуучу менен танышуу учуру жана ал менен өткөргөн көз ирмемдери тууралуу жылуу эскерүүлөр менен бөлүшүштү. Мухаммет Шенер Булут тарабынан Чыңгыз Айтматовдун Түркиянын Элазыг шаарына болгон сапары тууралуу видеоролик көрсөтүлдү.
Иш-чара Баку шаардык театрынын артисттери тарабынан жазуучунун “Эне талаасы” повести боюнча коюлган спектаклдин сахналарын көрсөтүү менен жыйынтыкталды. Коюучу режиссеру - Азербайжандын эл артисти Мерахим Фарзалибаев.
Иш-чаранын алкагында ТҮРКПА тарабынан Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгына арналган сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Катышуучулар Чыңгыз Айтматовдун азербайжан тилине которулган чыгармалары менен да таанышышты.