ТҮРКПА Азербайжан-Түркия дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгына арналган конференцияга катышты
Дата
Көрүү
119
2022-жылдын 13-майында ТҮРКПА Эл аралык мамилелерди талдоо борбору (ЭМТБ борбору) жана Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Стратегиялык изилдөөлөр борбору (СИБ) биргелешип Баку шаарында уюштурган «Шуша декларациясы жана Азербайжан-Түркия дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгы» аттуу конференцияга катышты.
Конференцияга түрк мамлекеттеринин элчилери жана элчиликтердин өкүлдөрү, талдоо борборлорунун жана илимий чөйрөлөрдүн өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын ачылышында ЭМТБ борборунун Төрагасы Фарид Шафиев мырза, СИБ Төрагасы Уфук Улуташ мырза жана Түркия Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жахит Багжы мырза сөз сүйлөштү. Ачылыш аземинен кийин Азербайжан менен Түркиянын ортосундагы саясий жана аскердик карым-катнаштары, ошондой эле энергетика, транспорт жана экономика тармактагы карым-катнаштары талкууланган эки панелдик сессия өткөрүлдү.
Катышуучулар 30 жылдын ичиндеги жетишкендиктерге токтолуп, Шуша декларациясын боордош эки өлкөнүн тарыхый мамилелеринин кезектеги этабы катары баалашты. Алар өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын, өзгөчө азыркы геосаясий кырдаалдын фонунда, уникалдуу жана болуп көрбөгөндөй деңгээлин жана анын маанисине өзгөчө көңүл бурушту. Катышуучулар өлкөлөр ортосунда иштелип чыккан регионалдык механизмдердин региондун өнүгүшүнө жана гүлдөшүнө кошкон салымын баса белгилешти.