Түркия Республикасынын Элчиси ТҮРКПА Катчылыгына келди
Дата
Көрүү
130
2021-жылдын 19-ноябрында Азербайжан Республикасындагы Түркия Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жахит Багжы мырза Катчылыкка келип, Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр мырза менен жолугушту.
Элчи Башкы катчыны кызматына киришүүсү менен куттуктап, келечектеги ишмердигине ийгиликтерди каалады.
Тараптар ТҮРКПА алкагындагы мүчө-өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана мындан аркы өнүгүүсү боюнча пикир алмашышты.