TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
Түркия парламентинин төрагасы ТҮРКПА комиссиясынын мүчөлөрүн кабыл алды

Түркия парламентинин төрагасы ТҮРКПА комиссиясынын мүчөлөрүн кабыл алды

Дата
Көрүү
119
2020-жылдын 27-февралында Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) төрагасы Мустафа Шентоп Анкарада уюштурулган семинардын катышуучуларын, ТҮРКПАнын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын төрагасы Садык Шер-Нияз баштаган комиссия мүчөлөрүн кабыл алды. Ошондой эле жолугушууга ТҮРКПАнын комиссиясынын отурумуна катышуу үчүн келген Өзбекстандын делегациясы дагы катышты. Түркия парламентинин спикери Мустафа Шентоп улуттук мыйзамдарды жакындаштыруу боюнча өткөн иш-чаранын маанилүүлүгүнө токтолуп, семинар катышуучуларынын жасаган аракеттерине ыраазычылык билдирди. Өз кезегинде семинар катышуучулары ТУУЖду 100 жылдык мааракеси менен куттуктап, комиссия алкагында өткөн отурумду жогорку деңгээлде уюштурганы үчүн ыраазычылык билдиришти.