TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
Түрк Парламентинин Комиссиясынын Төрагасы ТҮРКПАнын Катчылыгында болду

Түрк Парламентинин Комиссиясынын Төрагасы ТҮРКПАнын Катчылыгында болду

Дата
Көрүү
169
2024-жылдын 3-майында Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Улуттук билим берүү, маданият, жаштар жана спорт боюнча Комиссиясынын Төрагасы, мурдагы Билим берүү министри Махмут Өзер ТҮРКПА Катчылыгына келип, Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр менен жолугушту. Комиссиянын Төрагасы түрк мамлекеттердин парламенттеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоодо негизги ролду ойногон ТҮРКПА Катчылыгына болгон иш сапарына канааттангандыгын билдирди. Сапардын жүрүшүндө мейманга Ассамблеянын учурдагы жана келечектеги ишмердүүлүгү, атап айтканда ТҮРКПАнын Билим берүү, маданий, социалдык жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди. Башкы катчы түрк дүйнөсүнүн келечеги үчүн парламенттик кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Жолугушуунун аягында тараптар чогуу сүрөткө түшүштү.