TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
Түрк дүйнөсүнүн “Кастамону - 2018” маданий ордосунун ачылыш аземи

Түрк дүйнөсүнүн “Кастамону - 2018” маданий ордосунун ачылыш аземи

Дата
Көрүү
135
2018-жылдын 21-мартында “Республика” аянтында Нооруз оту жагылгандан кийин Түркиянын премьер-министри Биналы Йылдырымдын катышуусунда Түрк дүйнөсүнүн “Кастамону - 2018” маданий ордосунун ачылыш аземи болду. Кастамону муниципиалитети менен кызматташтыкта ТҮРКСОЙ тарабынан уюштурулган бул иш-чара кеңири аудиторияны топтоп, ага министрлер, парламентчилер, дипломаиялык корпустун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана ошондой эле Түркиянын ар кайсы региондорунан келген меймандар катышты. Түркиянын премьер-министри Биналы Йылдырым өз сөзүндө жаздын келишин символдоштурган Нооруз майрамы менен куттуктап, 21-март Кастамонуну түрк дүйнөсүнүн маданий борбору катары жарыяланган күн эле эмес, түндүк жарым шарындагы дээрлик баардык өлкөлөр белгилеген Нооруз майрамы белгиленген күн экенине токтолду. Куттуктоо сөздөрүнөн кийин иш-чара түрк дүйнөсүнө кирген Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Түркмөнстан, Өзбекстан жана ошондой эле Алтай, Башкортостан, Якутия, Дагестан, Кабардин-Балкария, Бурятия (Россия Федерациясы), Гагаузия (Молдова), Македония, Косово, Сербия , Босния жана Герцеговинадан келген сүрөтчүлөрдүн эмгектерин көрүү менен уланды. Иш-чарага ТҮРКПАнын Башкы катчысынын орун басары Али Йылдыз дагы катышты.