TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
“Соода өкүлчүлүктөрү жөнүндө” моделдик мыйзамды иштеп чыгуу боюнча Эксперттик топтун биринчи отуруму онлайн форматта өттү

“Соода өкүлчүлүктөрү жөнүндө” моделдик мыйзамды иштеп чыгуу боюнча Эксперттик топтун биринчи отуруму онлайн форматта өттү

Дата
Көрүү
152
2023-жылдын 14-декабрында “Соода өкүлчүлүктөрү жөнүндө” Моделдик мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча Эксперттик топ онлайн форматта биринчи отурумун өткөрдү. Моделдик мыйзам ТҮРКПАнын 2023-2028-жылдарга стратегиялык жол картасына ылайык Экономикалык кызматташтык боюнча комиссиянын алкагында иштелип чыгат. Жыйынды Башкы катчынын орун басары Талгат Адуов ачып, Экономикалык кызматташтык боюнча комиссиянын катчысы Бауыржан Даткаев алып барды. Жыйынга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин жана тиешелүү министрликтеринин эксперттери, ТҮРКПА Катчылыгынын өкүлдөрү катышты. Жыйындын жүрүшүндө тараптар документтин долбоору боюнча пикир алмашышты. Жыйындын соңунда эксперттер кезектеги жыйынды 2024-жылдын 11-январында өткөрүүнү макулдашышты.