Парламенттердин делегация башчылары ТҮРКПАнын пленардык отурумун жыйынтыкташты.
Дата
Көрүү
123
ТҮРКПАнын тогузунчу пленардык жыйынынан соң парламенттердин делегация башчыларынын катышуусунда брифинг болду.
Парламент башчылары тогузунчу пленардык отурумдун жыйынтыгына оң баасын беришти жана түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүүдө парламенттик дипломатиянын орду чоң мааниге ээ экенин баса белгилешти. Аталган процесстерде ТҮРКПАнын ролу өзгөчө экенин белгилеген парламент башчылары ТҮРКПАнын алкагында кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө ишенимин билдиришти.