TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
Милли Меджилисте экономикалык кызматташтык боюнча комиссиянын жетинчи жыйыны болду

Милли Меджилисте экономикалык кызматташтык боюнча комиссиянын жетинчи жыйыны болду

Дата
Көрүү
124
2019-жылдын 8-апрелинде Азербайжан Республикасынын (Парламентинин) Милли Меджилисинин уюштуруусу менен Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын парламент депуаттарынын катышусунда Бакы шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) экономикалык кызматташтык боюнча комиссиясынын 7-жыйыны болуп өттү. Комиссиянын отурумуна ТҮРКПАнын экономикалык кызматташтык боюнча комиссиясынын төрагасынын орун басары Жогорку Кеңештин депутаты Салайдин Айдаров төрагалык кылды. Жыйында «Жалпы технологиялардын өнүгүшү: ТҮРКПА өлкөлөрүнүн илим жана ишкерлер чөйрөсүнүн ортосундагы көп тараптуу кызматташтык» деген тема боюнча баяндама менен сунуштамалардын долбоору комиссия мүчөлөрү менен эксперттердин катышуусунда талкууланды. Аталган отурумда мүчө-өлкөлөрдө жаңы технологиялар чөйрөсүндөгү мыйзамдык базаны өркүндөтүү маанилүү экени белгиленди. Ошону менен бирге жыйындын катышуучулары мүчө-өлкөлөрдүн инновация менен алектенген институттарынын арсында кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү зарылдыгын, бул жаатта жаш ишкерлерге жагымдуу шарт түзүп берүү керектигин жана илим-изилдөө институттарынын кызматкерлеринин квалификацияларын жогорулатуу өндүрүшкө жаңы технологияларды киргизүү боюнча пикир алмашышты. Жыйын соңунда комиссиянын баяндамасы менен сунуштамалары комиссия мүчөлөрү тарабынан жактырылып, 2019-жылдын сентябрь айында Азербайжан Республикасында өтө турган ТҮРКПАнын 9-пленардык жыйынына сунушталды. Ошондой эле аталган комиссия жыйнынын алкагында ТҮРКПАнын 10 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмө уюштурулду.