TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
Милли Мажлисте Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиянын семинары болуп өттү

Милли Мажлисте Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиянын семинары болуп өттү

Дата
Көрүү
123
2022-жылдын 21-апрелинде Баку шаарында Азербайжан Республикасынын Милли Мажлиси тарабынан уюштурулган "Калктын социалдык жактан аярлуу катмарын ишкердикке шыктандыруу: реалдуулук жана перспективалар" аттуу семинар болуп өттү. Семинар Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиянын 9-жыйынынын алкагында уюштурулду. Семинарга мүчө өлкөлөрдөн парламентарийлер, эксперттер жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты. Ачылыш аземинде Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Экономикалык саясат, өнөр жай жана ишкердик боюнча комитетинин төрагасы Тахир Миркишили мырза, ТҮРКПАнын Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр мырза, Азербайжан Республикасынын Эмгек жана калкты социалдык коргоо министрлигинин алдындагы Туруктуу жана ыкчам социалдык камсыздоо агенттигинин башкармалыгынын Төрагасы Фарид Мамедов мырза, жана Азербайжан Республикасынын Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча агенттигинин башкармалыгынын Төрагасынын орун басары Самир Гумбатов мырза сөз сүйлөдү. Ачылыш аземинен кийин тиешелүү түрдө Комиссиянын Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мүчөсү Айбек Осмонов мырза жана Комиссиянын Төрагасынын орун басары, Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисинин мүчөсү Низами Жафаров мырза жетекчилигин астында эки жумушчу жыйын болуп өттү. Семинардын жүрүшүндө эксперттер баяндама жасап, мүчө-өлкөлөрдөгү социалдык ишкердик чөйрөсүндөгү учурдагы абал жана мыйзамдык база боюнча маалымат беришти. Жумушчу жыйындардын жүрүшүндө катышуучулар калктын социалдык жактан аярлуу катмарын ишкердикке тартуу боюнча көйгөйлөрдү жана аларды мыйзамдык деңгээлде чечүү жолдорун, ошондой эле социалдык ишкердикти өнүктүрүүгө шыктандырууну мыйзамдык жактан камсыз кылуу маселелерин талкуулашты. Семинардын алкагында катышуучулар үчүн Туруктуу жана ыкчам социалдык камсыздоо агенттигинин борборуна таанышуу сапары уюштурулду. Борбордун кызматкерлери конокторду калкка ыңгайлуу кызмат көрсөтүүгө багаттылган прогрессивдүү, көп кырдуу жана этаптуу реформалардын натыйжаларына негизделген жол-жоболору менен тааныштырышты. Иш-чаранын алкагында «Социалдык ишкердикти өнүктүрүү жөнүндө» Моделдик мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча эксперттик топтун экинчи жыйыны да болуп өттү. Эксперттер биринчи жыйындын жыйынтыгы боюнча сунуштардан түзүлгөн салыштырма таблицаны карап чыгып, мыйзам чыгаруу ишмердигинин сапатын жогорулатуу боюнча талкуу жүргүзүштү.