TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
Кыргызстандын Президенти байкоочу миссиялардын жетекчилери менен жолугушту

Кыргызстандын Президенти байкоочу миссиялардын жетекчилери менен жолугушту

Дата
Көрүү
142
2021-жылдын 29-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргызстандагы парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүү иштерине катышкан эл аралык байкоочу миссиялардын жетекчилери менен жолугушту. Жыйынга ТҮРКПАнын Шайлоого байкоо жүргүзүү Миссиясынын башчысы, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Режеп Шекер катышты. Мамлекет башчысы өлкөнүн жана коомдун келечеги үчүн парламенттик шайлоонун өзгөчө маанисин белгилеп, Кыргызстандагы шайлоо процессине байкоо жүргүзүүгө катышкандыгы үчүн Миссияга ыраазычылык билдирди. Кыргызстандын Президенти парламент депутаттарын шайлоонун жаңы системасына токтолуп, парламенттик шайлоо учурундагы атаандаштык чөйрөгө көңүл буруп, шайлоо мыйзамдарында аялдарга, жаштарга, этникалык азчылыктарга жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга парламентте коомдун бардык катмарларынын өкүлдөрү үчүн квота киргизилгендигин белгиледи. Байкоочу миссиялардын башчылары мамлекет башчысын жана кыргыз элин парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, шайлоо процессинин ачык-айкындуу жана жогорку деңгээлде өткөрүлгөнүн белгилешти.