Кыргызстандын Азербайжандагы Элчиси ТҮРКПАнын Катчылыгына баш бакты
Дата
Көрүү
162
2024-жылдын 2-августунда Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Максат Мамытканов Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эрге сылык сапары менен келди.
Башкы катчы Мамытканов мырзага ыраазычылык билдирип, элчи кызматына киришүүсү менен куттуктап, мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.
Башкы катчы Элчиге Ассамблеянын алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Өз кезегинде Мамытканов мырза Элчиликтин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, Элчиликтин түрк кызматташтыгынын алкагында ТҮРКПАга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.
Тараптар ТҮРКПАнын алкагында мүчө өлкөлөр менен байкоочу өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыктын азыркы абалы жана мындан аркы өнүгүүсү боюнча пикир алмашышты.