ЭТММФнин Президенти ТҮРКПАнын Катчылыгына келди
Дата
Көрүү
161
2023-жылдын 5-декабрында Эл аралык Түрк маданияты жана мурасы фондунун (ЭТММФ) жаңы дайындалган Президенти Актоты Райымкулова Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эрге сылык сапары менен келди.
Башкы катчы Райымкулованы бул кызматка дайындалышы жана киришүүсү менен куттуктап, анын мындан аркы ишине ийгилик каалады. Өз кезегинде Фонддун Президенти Башкы катчыга ыраазычылык билдирип, ал кызматка дайындалгандан бери аны биринчи болуп куттуктаган Башкы катчы экенин белгилеп кетти.
Жолугушууда тараптар эки уюмдун кызматташуусу боюнча пикир алмашышты. Ассамблеянын учурдагы жана келечектеги ишмердүүлүгүнө токтолуп, Башкы катчы түрк кызматташтык уюмдарынын жүргүзүп келе жатышкан ишинин маанилүүлүгүнө токтолду. Раимкулова айым Фонддун алкагында түрк мамлекеттердин маданиятына жана мурастарына байланыштуу ишке ашырылып жаткан долбоорлорго да көңүл буруп, эки уюмдун кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган сунуштарын, каалоолорун билдирди. Ал мүчө мамлекеттердин тиешелүү министрликтерине сунуштоо үчүн иштелип жаткан түрк мамлекеттердин маданияты жана мурастары боюнча Конвенция тууралуу маалымат берди.
Жолугушуу сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.