TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
Башкы катчы ТМУ Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезексиз жыйынына катышты

Башкы катчы ТМУ Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезексиз жыйынына катышты

Дата
Көрүү
136
2023-жылдын 16-мартында Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр Анкарада өткөн Түрк мамлекеттердин уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезексиз жыйынына катышты. Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу алып барган жыйынга Өзбекстандын Тышкы иштер министринин орун басары Бахтияр Саидов төрагалык кылды. Иш-чарага ТМУ мүчө жана байкоочу мамлекеттердин тышкы иштер министрлери жана министрлердин орун басарлары, ошондой эле түрк кызматташтык уюмдарынын жетекчилери катышты. Министрлер жана министрлердин орун басарлары кезексиз саммиттин жүрүшүндө мамлекет башчылары тарабынан талкуулануусу күтүлгөн күн тартибиндеги маселелер боюнча тиешелүү документтерди жыйынтыкташты.