Башкы катчы Өзбекстандын Маданият жана туризм министри менен жолугушту
Дата
Көрүү
154
2023-жылдын 18-июнунда Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр ТҮРКСОЙдун түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында Өзбекстан Республикасынын Маданият жана туризм министри Озодбек Назарбеков менен жолугушту.
Министр Назарбеков белгилегендей, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев өлкө Түрк дүйнөсү менен алакаларды ар тараптуу өнүктүрүүгө кызыкдар экенин бир нече жолу билдирген. Министр ошондой эле өзгөчө азыркы технологиялардын өнүгүү темпин эске алуу менен Түрк дүйнөсүнүн үрп-адаттарын жана каада-салттарын сактоонун, өнүктүрүүнүн жана жайылтуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал ошондой эле ТҮРКПАнын алкагында кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп кетти.
Өз кезегинде Башкы катчы министрге ТҮРКПАнын ишмердүүлүгү, атап айтканда, кызматташуунун ар кандай чөйрөлөрүн камтыган туруктуу комиссиялардын ишмердиги, ошондой эле моделдик мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыгуу процесси тууралуу маалымат берди.
Тараптар тыгыз өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.