Башкы катчы Өзбекстан Парламентинин Мыйзам чыгаруу Палатасынын Төрагасы менен телефон аркылуу сүйлөштү
Дата
Көрүү
118
2021-жылдын 23-сентябрында ТҮРКПАнын Башкы катчысы Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын Төрагасы Н.Исмоилов мырза менен телефон аркылуу сүйлөштү. Тараптар ТҮРКПАнын алдыдагы Онунчу Пленардык жыйынын жана Уюмдагы ишмердүүлүктүн алкагында мындан аркы өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты. Н.Исмоилов мырза Казакстандын Түркстан шаарында өтө турган иш-чарага катышаарын тастыктады.