TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
Башкы катчы Анкарада болуп өткөн китептин бет ачар аземине катышты

Башкы катчы Анкарада болуп өткөн китептин бет ачар аземине катышты

Дата
Көрүү
125
2021-жылдын 16-декабрында Башкы катчы Азербайжандын Милли Мажлисинин депутаты Малахат Ибрахимгызы жазган Азербайжан менен Түркиянын ортосундагы боордоштук мамилелерине жана эки өлкөнүн Президенттери Ильхам Алиев менен Режеп Тайип Эрдогандын түбөлүктүү жана бузулбас достугуна арналган “Биз бул жолду бирге басып өттүк” (оригинал - «Bərabər yürüdük biz bu yollarda») китебинин Анкара шаарында болуп өткөн бет ачар аземине катышты. Бет ачар аземине Түрк мамлекеттери Уюмунун Аксакалдар кеңешинин Төрагасы Бинали Йылдырым, Азербайжандын жана Түркиянын парламентарийлери, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустун жетекчилери жана өкүлдөрү, ошондой эле белгилүү саясий жана коомдук ишмерлер катышты. Китепти Милли Мажлистин депутаты Ахлиман Амирасланов жана Анкара университетинин ректору Неждет Үнүвар рецензиялап, ТУУЖдун Комиссиясынын башчысы Өзнур Чалык редациялаган.