Азербайжан Республикасынын Тышкы иштер министри ТҮРКПАнын Башкы катчысын кабыл алды
Дата
Көрүү
149
2025-жылдын 15-октябрында Азербайжан Республикасынын Тышкы иштер министри Жейхун Байрамов Түрк мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Башкы катчысы, Элчи Рамил Хасан жетектеген делегацияны кабыл алды.
Министр Жейхун Байрамов Элчи Рамил Хасанды ТҮРКПАнын Башкы катчысы кызматындагы өз ишин башташы менен куттуктап, анын кызматтык милдеттерин ийгиликтүү аткаруусуна тилектештик билдирди. Өз кезегинде Башкы катчы жылуу кабыл алуу жана ТҮРКПАнын ишмердүүлүгүнө көрсөтүлүп жаткан колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.
Жолугушуу учурунда тараптар кызматташууну чыңдоонун жолдору тууралуу пикир алышып, алдыдагы мезгилде эки тараптуу мамилелердин алкагында жаңы механизмдерди ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Башкы катчыны Башкы катчынын орун басарлары Талгат Адуов, Сакы Садыков, Мухаммет Алпер Хайали жана Комиссия катчысы Айнур Абуталибова коштоп жүрүштү.