Азербайжан Парламентинин Төрайымы Түрк мамлекеттердин парламенттеринин эл аралык иштер боюнча комитеттеринин төрагаларынын жыйынынын катышуучуларын кабыл алды
Дата
Көрүү
149
2024-жылдын 25-апрелинде Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Төрайымы Сахиба Гафарова Түрк мамлекеттердин парламенттеринин эл аралык иштер боюнча комитеттеринин төрагаларынын жыйынынын катышуучуларын кабыл алды.
Конокторду куттуктап жатып, Парламент башчысы Азербайжан Республикасынын Президентинин демилгеси менен өтүп жаткан жыйын ийгиликтүү өтөрүнө жана жемиштүү талкууга мүмкүнчүлүк түзөөрүнө ишенимин билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө Милли Межлистин Төрайымы түрк мамлекеттердин көп тараптуу кызматташтыгынын механизми катары Түрк мамлекеттердин уюму менен ТҮРКПАнын маанилүүлүгүн баса белгиледи. Региондо жана дүйнөлүк деңгээлдеги учурдагыгы процесстер жана чакырыктар боордош түрк мамлекеттердин парламенттеринин эл аралык иштер боюнча комитеттеринин биргелешкен ишин күчөтүүнү талап кылып жатканын белгиледи.
Иш-чарада түрк кызматташтык маселелери жана аймактагы абал боюнча пикир алмашуулар болду.
Жыйындын жүрүшүндө Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Тышкы жана парламенттер аралык байланыштар боюнча комитетинин Төрагасы Самад Сейидов, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин Төрагасынын орун басары Айдос Сарым, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин Төрагасынын орун басары Лейла Лурова, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин Төрагасы Фуат Октай, Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын Эл аралык иштер жана парламенттер аралык байланыштар боюнча комитетинин Төрайымы Дилором Фавзиева, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Ассамблеясынын Укуктук, саясий маселелер жана тышкы байланыштар боюнча комитетинин Төрагасы Ясемин Өзтүрк, ТҮРКПАнын Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр жана башка кызмат адамдары сөз сүйлөштү.