Анталияда ТҮРКПАга мүчө парламенттердин туруктуу комиссияларынын жыйыны болуп өттү
Дата
Көрүү
152
2023-жылдын 22-23-ноябрында ТҮРКПА Катчылыгынын делегаттары Анталия шаарында Түркиянын Улуу Улуттук Ассамблеясы тарабынан уюштурулган "Аялдар менен эркектердин тең мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу жана ыйгарым укуктарын кеңейтүү" аттуу мүчө-парламенттердин Туруктуу комиссияларынын жыйынына катышты.
Жыйынды ТУУЖдун Аялдар менен эркектер үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөр боюнча комитетинин Төрайымы Чигдем Эрдоган Атабек алып барды. Иш-чарада сөз сүйлөгөн Комитеттин Төрайымы ТҮРКПАнын алкагында жүргүзүлүп жаткан иштердин түрк дүйнөсүндөгү тилектештикти жана кызматташтыкты чыңдоо үчүн эффективдүү аянтча катары маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ошону менен бирге ал мындай жолугушуулар мүчө-парламенттердин аялдардын укуктарын коргоо жаатындагы кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө болот деген ишенимин билдирди.
Жолугушууда аялдардын чечимдерди кабыл алуу механизмдерине катышуусу, билим берүү тармагында аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн маанилүүлүгү, аялдардын мамлекеттик жана жеке сектордо бирдей экономикалык мүмкүнчүлүктөргө жетүүсү маселелерине байланыштуу көйгөйлөр жана мүмкүнчүлүктөр талкууланды.
Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Үй-бүлө, аялдар жана балдар иштери боюнча комитетинин Төрайымы Хижран Гусейнова, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Гуля Кожокулова жана Гүлшаркан Култаева,
ТУУЖ мүчөлөрү Чигдем Кончагүл, Суна Кеполу Атаман, Туба Вурал Чокал, Фатма Экмекчи, Айше Сибел Эрсой, Шенол Сунат, Пелин Йылык, ТУУЖдун Башкы катчысынын орун басары Күбра Теймур, Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын мүчөлөрү Манзура Салимова, Абира Хусейнова, Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын мүчөлөрү – Эмгек жана социалдык маселелер боюнча комитеттин Төрайымы Мавлудахон Ходжаева жана Зафар Худайбердиев,
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Жыйынынын Төрагасынын орун басары Фазилет Өзденефе жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Парламентинин депутаты Ресмийе Каналтай жыйында сөз сүйлөдү.
Эки күнгө созулган иш-чара жакшы саясаттар жана практикалар боюнча тажрыйба алмашуу, анын ичинде коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган улуттук стратегияларды жана программаларды ишке ашыруу, аялдардын чечимдерди кабыл алуу процессине бардык деңгээлде катышуусун жана лидерлик үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу, аялдардын жана кыздардын укуктарын коргоо, ошондой эле Түрк мамлекеттериндеги аялдардын учурдагы көйгөйлөрү сыяктуу маселелрди талкулоо үчүн түрк мамлекеттердин парламентарийлеринин башын бириктирген. Катышуучулар аялдарга карата басмырлоону толук жоюу боюнча парламенттик мындан аркы биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн белгилешти.
Жыйын ТУУЖдун Аялдар жана эркектер үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөр боюнча комитетинин Төрайымы Чигдем Эрдоган Атабек менен Түркия Республикасынын Үй-бүлө жана социалдык тейлөө министри Махинур Өздемир Гөкташтын жыйынтыктоо сөздөрү менен аяктады.