Анкарада ТҮРКПАга мүчө мамлекеттерде пандемия менен күрөшүү боюнча семинар болуп өттү
Дата
Көрүү
128
2022-жылдын 11-майында Анкарада ТҮРКПА тарабынан Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) колдоосу менен ТҮРКПАга мүчө мамлекеттерде пандемияга каршы күрөшүү боюнча семинар өткөрүлдү. ТҮРКПАнын Айлана чөйрө, табигый ресурстар жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссиясынын алкагында өткөрүлгөн семинардын негизги максаты COVID-19 пандемиясынын таасири жана кесепеттери жана мүчө мамлекеттерде, өзгөчө саламаттыкты сактоо тармагында, көрүлүп жаткан чараларга көңүл буруу болду.
Семинарга уюмга мүчө-өлкөлөрдүн жана Өзбекстандын парламентарийлери жана эксперттери, ошондой эле Түркиянын тиешелүү мекемелеринин өкүлдөрү катышты.
Семинар тиешелүүлүгүнө жараша Комиссиянын Төрагасы, Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисинин Саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин Төрагасы Ахлиман Амирасланов мырзанын жана Комиссиянын Төрагасынын орун басары, ТУУЖ мүчөсү Режеп Шекер мырзанын жетекчилиги астында болуп өткөн эки сессиядан турду. Ачылыш аземинде Комиссиянын Төрагасы жана Төраганын орун басары, ТҮРКПАнын Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр мырза, Комиссиянын мүчөлөрү – Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин мүчөсү Елдос Абаканов мырза, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мүчөсү Балбак Түлөбаев мырза, ошондой эле Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Илим, билим берүү жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин Төрагасы Одилжон Иминов мырза сөз сүйлөштү.
Семинардын жүрүшүндө уюмга мүчө-өлкөлөрдүн эксперттери жана Түркиянын тиешелүү мекемелеринин өкүлдөрү баяндама жасап, мүчө мамлекеттердеги учурдагы абал, мыйзамдар жана институционалдык базалар боюнча маалымат беришип, бул маселелер боюнча талкуулар өткөрүштү.
Программанын практикалык бөлүгүнүн алкагында катышуучулар Анкара шаардык ооруканасына барышты.