TURKPA

TURKPA-nın fəaliyyəti haqqında məlumat əldə etmək üçün bizi sosial mediada izləyin

TURKPA-nın fəaliyyəti haqqında məlumat əldə etmək üçün bizi sosial mediada izləyin

Sosial Media
Mirlan Usenkanov

Mirlan Usenkanov

Secretary of Commission on Education, Culture, Social and Humanitarian Affairs

Мирлан Усенканов 2015-жылы Бишкек шаарындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин Эл аралык мамилелер факультетин “Дүйнөлүк экономика” адистиги боюнча аяктаган. Ошондой эле демократия жана англис тили багытындагы бир катар кесиптик даярдоо программаларынан өткөн.


Эмгек жолун 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Мамлекеттик менчик саясаты башкармалыгынын башкы адиси болуп баштаган. 2018–2019-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Евразия экономикалык бирлигинин иштери боюнча бөлүмүндө эксперт болуп иштеген. 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин Жер казынасын пайдалануу саясаты башкармалыгынын начальнигинин милдетин аткаруучу кызматын аркалаган.


2020-2021-жылдары Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинде эксперт жана директордун орун басары болуп иштеген.   

2021-2024-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында эксперт болуп эмгектенген. 2024-2025-жылдары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борборунун директорунун орун басары кызматын ээлеген. 2025-жылдын август айынан 2026-жылдын май айына чейин Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директорунун кеңешчиси болуп иштеген.


2026-жылдын май айынан тартып ТҮРКПАнын Эл аралык катчылыгында Билим берүү, маданият, социалдык жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиянын катчысынын милдетин аткаруучу катары иштей баштаган.


“3-класстагы мамлекеттик жарандык кызмат кеңешчиси” класстык ченине ээ жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан бир катар мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар, ардак грамоталар жана ыраазычылык каттар менен сыйланган.