TURKPA

Follow us on social media to learn about TURKPA's activities

Follow us on social media to learn about TURKPA's activities

Social Media
Dastanbek Djumabekov

Dastanbek Djumabekov

Member of the Jogorku Kenesh of the Kyrgyz Republic
Member of the TURKPA Commission on Economic Cooperation

1976-жылы 2-ноябрда Талас облусундагы Кара-Буура районунун Сатыкей айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 2001-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин «Юриспруденция» адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

2002-жылы түркиялык «Баямташ ЛТД» компаниясынын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн коммерциялык мүдүрү.

2005-2007-жылдары бельгиялык «КАSI трейнинг» фирмасында башкы менеджер.

2007-2009-жылдары «ЯКАД» ЖЧКсында башкы мүдүр.

2009-2010-жылдары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас облусу боюнча көчмө механикалаштырылган отрядынын башчысы.

2010-жылы «Ата-Журт» идеалисттик демократиялык саясий партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

2014-жылдын май айынан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Ата-Журт» фракциясынын лидеринин орун басары, 2015-жылдын июнь айынан баштап фракция лидери.

2015-жылы «Кыргызстан» саясий партиясынын катарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

2017-жылы 25-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы болуп шайланган.

2021-жылы 28-ноябрда №20 бир мандаттуу Манас шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

2025-жылы ноябрь айында көп мандаттуу №16 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешини VIII чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин мүчөсү.

Сыйлыктары:

Мамлекеттик кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Казакстан Республикасынын II даражадагы «Достук» орденинин ээси.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы.

КМШнын Аткаруу комитетинин Ардак грамотасы.

ШКУнун юбилейлик медалы жана башка бир катар ведомстволук сыйлыктардын ээси.

Талас облусунун, Талас шаарынын, Талас, Бакай-Ата, Кара-Буура жана Манас райондорунун, ошондой эле 16 айыл өкмөттүн «Ардактуу атуулу».

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.