Жогорку Кеңештин Төрагасы Башкы катчыны кабыл алды
Дата
Көрүү
127
2022-жылдын 14-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытов Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келген Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эрди кабыл алды.
Парламент башчысы Эр мырзаны Башкы катчы кызматына киришүүсү менен куттуктап, тажрыйбалуу дипломат катары ТҮРКПАга мүчө мамлекеттердин ортосундагы парламенттик багыттагы байланыштарды чыңдоого олуттуу салым кошоруна ишенимин билдирди.
Өз кезегинде Башкы катчы төрагага ыраазычылыгын билдирип, аны парламенттин төрагасы кызматына кайрадан шайланышы менен куттуктады.
Түрк тилдүү мамлекеттер үчүн ТҮРКПАнын маанилүү ролун баса белгилеген Мамытов мырза Кыргыз тарабынын мындан ары да Ассамблеянын ишмердүүлүгүнө ар тараптуу колдоо көрсөтөөрүн ырастады.
Тараптар ТҮРКПАнын учурдагы жана келечектеги ишмердүүлүгүн талкуулашып, 2022-жылдын экинчи жарымында Кыргызстанда болуп өтө турган 11-пленардык жыйынга даярдык көрүү иштери боюнча пикир алмашышты.