TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
Женевада түрк жумалыгы өттү

Женевада түрк жумалыгы өттү

Дата
Көрүү
164
Түрк мамлекеттеринин уюму, ТҮРКПА, ТҮРКСОЙ, Түрк академиясы жана Түрк маданияты жана мурасы фонду (Түрк кызматташтык уюму), ошондой эле Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Түркиянын жана Өзбекстандын БУУнун Женевадагы кеңсесиндеги туруктуу өкүлчүлүктөрү биргелешип БУУнун Женевадагы кеңсесинин, Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун (БДИМУ) жана Женева консерваториясынын базасында 2024-жылдын 22-25-апрелинде Женевадагы түрк жумалыгын уюштурушту. Иш-чарага Башкы катчынын орун басарынын милдетин аткаруучу Сакы Садыков жетектеген ТҮРКПАнын делегациясы катышты. Төрт күндүк программа жалпы түрк мурастарын жайылтууга, түрк кызматташтыгынын келечектеги траекториясына көңүл бурууга, Түрк Кызматташтык Уюмдарынын (ТКУ) региондогу маданий көп түрдүүлүктү, өз ара урматтоону жана түшүнүүнү илгерилетүүгө жана Туруктуу Өнүгүү Максаттарына жетишүүгө салым кошууга арналган. Иш-чарага Түрк кызматташтыгы уюмдарынын, эл аралык уюмдардын жетекчилери жана өкүлдөрү, түрк мамлекеттердин БУУнун Женевадагы кеңсесиндеги туруктуу өкүлчүлүктөрү, түрк мамлекеттердин парламентарийлери, мамлекеттик кызматкерлер, окумуштуулар, жарандык коом уюмдарынын жана жеке сектордун өкүлдөрү катышты. Түрк жумалыгы 22-апрелде ТҮРКСОЙ жана Түрк академиясы тарабынан уюштурулган “Түрк дүйнөсү” көргөзмөсүнүн салтанаттуу ачылышы менен башталды. Ачылыш аземине БУУнун Женева кеңсесинин Башкы директору Татьяна Валовая, Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев, ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раев, Түрк академиясынын Президенти Шахин Мустафаев, Түрк маданияты жана мурасы фондунун Президенти Актоты Райымкулова, Азербайжандын БУУнун Женева кеңсесиндеги туруктуу өкүлү, Элчи Галиб Исрафилов, Казакстандын БУУнун Женева кеңсесиндеги туруктуу өкүлү, Элчи Ерлан Алимбаев, Кыргызстандын БУУнун Женева кеңсесиндеги туруктуу өкүлү, Элчи Омар Султанов, Түркиянын БУУнун Женева кеңсесиндеги туруктуу өкүлү, Элчи Гүвен Бегеч, Түркиянын Дүйнөлүк Соода Уюмундагы (ДСУ) туруктуу өкүлү Алпаслан Ачарсой, UNAOC Женева кеңсесинин улук өкүлү, элчи Хакан Кыванч, Түркиянын Женевадагы башкы консулу Ипек Зейтиноглу Өзкан, Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин мүчөлөрү Анар Мамедов жана Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын мүчөлөрү Осман Местен, Харун Озгур Йылдызлы, Омер Фарук Гергерлиоглу жана Филиз Кылыч, Бириккен Улуттар Уюмунун Цивилизациялар альянсынын (БУУ ЦА) Женева кеңсесинин улук өкүлү, Элчи Хакан Кыванч, Түркиянын Женевадагы Башкы консулу Ипек Зейтиноглу Өзкан, Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин мүчөсү Анар Мамедов жана Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын мүчөлөрү Осман Местен, Харун Өзгүр Йылдызлы, Өмер Фарук Гергерлиоглу жана Филиз Кылыч, эл аралык уюмдардын, ошондой эле Женевадагы түрк коомчулугунун өкүлдөрү катышты. Көргөзмөдө түрк дүйнөсүнүн бай маданий мурастары, анын ичинде маданий экспонаттар, сүрөттөр, кол өнөрчүлүк, улуттук кийимдер жана улуттук тамак-аштар тартууланды. Ошол эле күнү “Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн жаңы оюнчу катары ТМУ” деген темада глобалдык көйгөйлөрдү чечүүдө жана туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүүдөгү түрк кызматташтыгынын ролуна арналган конференция өттү. Иш-чаранын экинчи күнүндө “Мурас менен бириккендер, аракетке алга: Түрк кызматташтык уюмдары” деген темада Түрк кызматташтык уюмдарынын конференциясы болуп өттү. Кыргыз Республикасынын Женевадагы Туруктуу өкүлү, Элчи Омар Султанов жетектеген конференцияда Түрк кызматташытыгы уюмдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү сөз сүйлөштү. ТҮРКПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар комиссиясынын катчысы Кадир Яман Баш катчы Мехмет Сүрейя Эрдин кайрылуусун окуп берди. Өз кайрылуусунда Башкы катчы Түрк жумалыгынын иш-чарасы түрк кызматташтыгынын дүйнөлүк аренада көрүнүктүүлүгүн арттырууга салым кошоруна ишенимин билдирди. Андан соң ТҮРКСОЙдун өнөрпоздорунун жаркыраган оюн-зооктору менен коштолгон концерт орун алды. Женевадагы Түрк жумалыгы 25-апрелде белгилүү казак композитору жана пианист Рахат-би Абдысагиндин концерти менен аяктады.