Жаштарга жардам фонду Катчылыкта болду
Дата
Көрүү
156
2023-жылдын 21-сентябрында Жаштарга жардам фондунун (ЖЖФ) президенти Ахмет Тежим жана аны коштогон делегация ТҮРКПАнын Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эрге сылык сапары менен барышты. ЖЖФ президенти Ахмет Тежим Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эрге фонддун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. Башкы катчы Эр Түрк дүйнөсү 2040 көз карашынын алкагында мүчө мамлекеттерде жаштардын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун арттыруунун маанисине токтолду.
Жолугушуу сүрөткө түшүү менен аяктады.
Жаштарга жардам фонду согуштан жапа чеккен жаштарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө материалдык жана моралдык жардам көрсөтүү максатында түзүлгөн бейөкмөт уюм. ЖЖФ азербайжандык жаштарга керектүү билим берүү жана коомдук ишмердүүлүк тармактарында изилдөөлөрдү жүргүзөт.