Хожа Ахмет Яссеви атындагы Эл аралык Казак-Түрк университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы Катчылыкта болду
Дата
Көрүү
137
2023-жылдын 25-сентябрында Хожа Ахмет Яссеви атындагы Эл аралык Казак-Түрк университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы профессор, доктор Мухиттин Шимшек Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эрге сылык сапары менен келди.
Университеттин ишмердүүлүгүнө токтолуп, Шимшек мырза университет менен ТҮРКПАнын ортосундагы кызматташтык ийгиликтүү кеңейишине ишенимин билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө Шимшек мырза Башкы катчыга университет тарабынан 10 жылга жакын убакыттан бери иштелип, жакында жарык көргөн "Түрк адабиятындагы ысымдар сөздүгү" аттуу энциклопедиялык китепти тапшырды. Ал ошондой эле Башкы катчыга 20 томдук китептерди түзүүгө 1500дөй окумуштуу тартылганын билдирди. Шимшек мырза сөздүктө 1985-жылга чейин туулган түрк дүйнөсүнүн белгилүү инсандарынын өмүрүн, чыгармачылыгын чагылдырган материалдар камтылганын кошумчалады.
Башкы катчы Шимшек мырзага ыраазычылык билдирип, Ассамблеянын алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.