Венгриянын Улуттук Жыйынынын Төрагасынын орун басары Катчылыкка баш бакты
Дата
Көрүү
163
2024-жылдын 5-июнунда ТҮРКПАнын Он үчүнчү пленардык отурумуна катышуу үчүн Бакуга келген Венгриянын Улуттук Ассамблеясынын Төрагасынын орун басары Марта Матраи Катчылыкка баш багып, Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр менен жолугушту.
Башкы катчы Матраи айымды биринчи жолу Катчылыкта жүз көрүшүп жатканына кубанычта экенин билдирди.
Өз кезегинде Матраи айым Венгриянын Улуттук Ассамблеясынын Төрагасы Кёвер Ласло мырзанын саламын жеткирип, жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Тараптар Венгрия менен ТҮРКПАнын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө боюнча пикир алмашышты.