Вена шаарында Ассамблеянын бейформал жыйыны өттү
Дата
Көрүү
128
2021-жылы 7-сентябрда Вена шаарында ТҮРКПАнын учурдагы Төрайымы, Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисинин Төрайымы Сахиба Гафарованын, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Төрагасы Нурлан Нигматулиндин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытовдун, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоптун ошондой эле Венгрия Улуттук Ассамблеясынын Төрагасынын орун басары Ишван Жакабдын катышуусу менен Ассамблея Кеңешинин бейформал жыйыны өттү. Аталган жыйын парламенттердин спикерлеринин Бешинчи Дүйнөлүк Конференциясынын алкагында Вена шаарында өттү.
ТҮРКПАга мүчө парламенттердин башчылары 2021-жылы
27-28-сентябрда Казакстандын Түркстан шаарында өтө турган Ассамблеянын онунчу пленардык сессиясына даярдыкты талкуулашты.