TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
Укуктук жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиянын жыйыны өттү

Укуктук жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиянын жыйыны өттү

Дата
Көрүү
153
2019-жылдын 18-декабрында ТҮРКПАнын тогузунчу пленардык жыйынынын алкагында Азербайжан Республикасынын Милли Меджилисинде ТҮРКПАнын укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын кезексиз жыйыны болуп өттү. Отурум Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты, ТҮРКПАнын укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын Төрагасы Исмет Учманын Төрагалыгы астында өтүп, ага мүчө-өлкөлөрдүн парламентарийлери катышты. Комиссия, эрежелердин жол жобосун Катчылыктын регламентин, ТҮРКПАнын шайлоолорго байкоо жүргүзүү боюнча жобосун, “материалдык эмес маданий мурастарды коргоо” жана “туризм” боюнча эки моделдик мыйзамдын долбоорун талкуулады. Жыйын соңунда ТҮРКПАнын кайра кароодон өткөн укуктук нормативдик документтери комиссия тарабынан жактырылып, тогузунчу пленардык отурумдун кароосуна сунушталды.