Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын алкагында семинар өттү
Дата
Көрүү
120
2021-жылы 1-июнда ТҮРКПА Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар комиссиясынын 8-жыйынына даярдоо алкагында мүчө парламенттердин эксперттеринин жана ТҮРКПА Катчылыгынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен онлайн форматында семинар өттү.
Семинардын программасына Жаш парламентарийлердин тобунун регламенттин, Парламентарий аялдар тобунун регламенттин жана моделдик мыйзам жөнүндө регламенттин долбоорлорун талкуулоосу камтылган.
Иш-чара Баш катчынын орун басары Фуад Алакбаровдун сөзү менен башталды. Катышуучулар Комиссиянын кезектеги 8-жыйынынын “ТҮРКПА мүчө өлкөлөрдүн арасында туризмди өркүндөтүү: COVID-19 пандемиясынын таасири жана келечек перспективасы” деген темада боло турган документтердин долбоорлорун талкуулап сунуштарды беришти.