ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы ТҮРКПА Эл аралык Катчылыгына сылык сапары менен келди
Дата
Көрүү
149
2025-жылдын 4-ноябрында Башкы катчы Элчи Рамил Хасан Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) Башкы катчысы Султан Раев мырзаны ТҮРКПАнын Эл аралык Катчылыгында кабыл алды. Бул сапар Башкы катчы Хасан мырзанын кызматка киришүүсүнүн урматына болуп өттү.
Жылуу жолугушуунун жүрүшүндө Башкы катчы Элчи Хасан Түрк кызматташтык уюмдарынын (ТКУ) жоопкерчилик чөйрөсүнө кирген иштерди дагы да координацияланган түрдө аткаруу мүмкүнчүлүгүн баса белгиледи. Ошондой эле ТҮРКПАнын Башкы катчысы, маданияттын көрүнүктүү ишмери Султан Раевди тосуп жатканына кубанычын билдирди.
Султан Раев мырза Элчи Рамил Хасанды ТҮРКПАнын Башкы катчысы болуп дайындалганы менен куттуктап, кызматташтыкты бекемдөөгө негиз боло турган маанилүү долбоорлорду ишке ашыра турган жаңы этапка кирип жаткандыктарын белгиледи.
Жолугушуунун негизги багыты Түрк кызматташтык уюмдарынын күн тартибиндеги жакынкы биргелешкен иш-чараларга арналды. Мындан тышкары, эки уюм биргелешип иштей турчу иш-аракеттер боюнча пикир алмашышты.
Жолугушууга ТҮРКПАнын Башкы катчысынын орун басарлары Талгат Адуов, Сакы Садыков жана Мухаммет Алпер Хаяли мырзалар, ошондой эле комиссиянын катчысы Кадир Яман мырза катышты.