TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын он үчүнчү жыйыны өткөрүлдү

ТҮРКПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын он үчүнчү жыйыны өткөрүлдү

Дата
Көрүү
1347

2026-жылдын 8-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында «ТҮРКПАга мүчө мамлекеттердин ортосундагы регионалдык кызматташтыкты чыңдоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролу» темасында ТҮРКПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын он үчүнчү жыйыны болуп өттү.

Жыйынды ТҮРКПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын төрагасы, Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Осман Местен алып барды.

Жыйындын ачылышында Комиссиянын төрагасы Осман Местен, Комиссиянын төрагасынын орун басары Абзал Куспан, Комиссиянын мүчөлөрү Жаваншир Фейзиев, Нуржамал Төрөбекова жана Азамат Исираилов, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, Мыйзам чыгаруу жыйынынын Укуктук, саясий маселелер, тышкы байланыштар жана коргоо боюнча комитетинин төрайымы Ясеми Өзтүрк, ошондой эле ТҮРКПАнын Башкы катчысынын милдетин аткаруучу орун басары Бектур Базакечов куттуктоо сөздөрү менен чыгышты. Жыйынга ошондой эле Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин кеңешчиси Бахтиёр Розбакиев катышты.

Жыйында күн тартибиндеги маселелер каралып, 2026-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасында өтө турган ТҮРКПАнын он бешинчи пленардык жыйынына сунуштоо үчүн Комиссиянын баяндамасы жана сунуштамасы жактырылды.

Жыйында ТҮРКПАга мүчө мамлекеттердин ортосундагы регионалдык кызматташтыкты чыңдоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын негизги ролу өзгөчө белгиленди. Катышуучулар түрк дүйнөсүндөгү шаарлар менен муниципалитеттердин ортосундагы кызматташтык социалдык-гуманитардык байланыштарды чыңдоого, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга, маданий алмашууну өнүктүрүүгө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгилешти.

Баяндама жана Сунуштама менен катар Комиссия тарабынан даярдалган «ТҮРКПАга мүчө мамлекеттерде өнөр жай менчигинин объектилерине болгон укуктарды коргоо жөнүндө» үлгүлүү мыйзамдын долбоору да тараптар тарабынан кийинки пленардык жыйында кабыл алуу үчүн жактырылды. Жактырылган үлгүлүү мыйзамдын долбоору товардык белгилерге, географиялык көрсөткүчтөргө, өнөр жай үлгүлөрүнө, патенттерге, пайдалуу моделдерге жана салттуу продукциялардын аталыштарына байланыштуу укуктарды натыйжалуу коргоону камсыз кылууга багытталган. Бул өз кезегинде технологиялык, экономикалык жана социалдык өнүгүүгө өбөлгө түзөт.

Катышуучулардын урматына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан уюштурулган түшкү сый тамактын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы Элвира Сурабалдиева менен жолугушуу өттү.

Жолугушууга ошондой эле ТҮРКПАнын Башкы катчысынын орун басары Мухаммет Алпер Хаяли, ТҮРКПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын катчысы, доктор Кадыр Яман жана ТҮРКПАнын укуктук маселелер боюнча кызматкери Азар Мамедов катышты.