TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПАнын учурдагы Төрагасы Башкы катчыны кабыл алды

ТҮРКПАнын учурдагы Төрагасы Башкы катчыны кабыл алды

Дата
Көрүү
131
ТҮРКПАнын учурдагы Төрагасы, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Төрагасы Нурлан Нигматулин мырза Нур-Султан шаарына расмий иш сапары менен келген Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр мырза жетектеген делегацияны кабыл алды. Парламенттин Төрагасы Башкы катчыны кызматына киришүүсү менен куттуктап, мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады. Ал казак тарабынын Ассамблеянын ишмердүүлүгүнө мындан ары да ар тараптуу колдоо көрсөтөөрүн ырастады. Өз кезегинде Башкы катчы Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти – Элбашы Нурсултан Назарбаевдин Түрк дүйнөсүнүн биримдигин чыңдоого багытталган демилгелерин ишке ашыруунун жана кошкон салымынын маанилүүлүгүн белгиледи. Тараптар Түркстанда болуп өткөн Онунчу пленардык жыйындын демилгелерин ишке ашыруу, ошондой эле регионалдык кызматташтыкты чыңдоого багытталган 2022-2027-жылдарга карата жол картасын даярдоо маселелерин талкуулашты. Нурлан Нигматулин мырза Түрк Кеңешинин аталышын "Түрк мамлекеттеринин уюму" деп өзгөртүүнүн жана “Түрк дүйнөсүнүн көз карашы - 2040” документинин кабыл алынышынын маанисин баса белгиледи. Ал ошондой эле жакынкы келечекте "Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын" аталышын "Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясы" деп өзгөртүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.