ТҮРКПАнын учурдагы Төрагасы Башкы катчыны кабыл алды
Дата
Көрүү
144
2023-жылдын 5-июлунда ТҮРКПАнын Төрагасы, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуш Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эрди кабыл алды.
Башкы катчы Парламенттин Төрагасын кызматка шайланышы менен куттуктап, мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады. Ал Ассамблеянын ишмердүүлүгүндө түрк парламентинин ролу чоң экенин белгиледи.
ТҮРКПАнын Төрагасы Башкы катчыга куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирип, ТҮРКПАны түрк мамлекеттердин кызматташтыгын кеңейтүүгө көмөктөшүүчү маанилүү парламенттер аралык уюм катары баалады.
Тараптар ТҮРКПАнын учурдагы жана келечектеги ишмердүүлүгүн талкуулашты.