TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПАнын учурдагы Төрагасы Башкы катчыны кабыл алды

ТҮРКПАнын учурдагы Төрагасы Башкы катчыны кабыл алды

Дата
Көрүү
134
2022-жылдын 3-июнунда ТҮРКПАнын учурдагы Төрагасы, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Төрагасы Ерлан Кошанов мырза Нур-Султан шаарына ТҮРКПАнын референдумга байкоочу миссиясынын алкагында барган Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр мырзаны кабыл алды. Парламенттин башчысы Казакстандын өзүнүн эгемендүүлүгүнүн тарыхында жаңы этапка кирип жатканын белгиледи. Ал Казакстандагы Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумдун өткөрүлүшүн мезгилдин жана коомдун талабы менен түзүлгөн тарыхый чечим деп атады. Башкы катчы Казакстандын региондогу маанисине жана ролуна токтолуп, референдум өлкөнүн мындан аркы өнүгүүсүндөгү маанилүү этап болоруна ишенимин билдирип, референдумду өткөрүүдө ийгиликтерди каалады. Тараптар Ассамблеянын учурдагы жана келечектеги ишмердүүлүгү боюнча пикир алмашып, 2022-жылдын 23-24-июнунда Кыргыз Республикасынын Чолпон-Ата шаарында болуп өтө турган жана жүрүшүндө ТҮРКПАнын 2023-2028-жылдарга Стратегиялык жол картасынын кабыл алынуусу күтүлгөн Он биринчи пленардык жыйынга даярдыктарды талкуулашты.