TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПАнын шайлоолорго байкоо жүргүзүү миссиясы Кыргызстанда өз ишмердигин баштады

ТҮРКПАнын шайлоолорго байкоо жүргүзүү миссиясы Кыргызстанда өз ишмердигин баштады

Дата
Көрүү
135
2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасында болуп өтө турган Парламенттик шайлоого кыска мөөнөттүү мониторинг жүргүзүү үчүн ТҮРКПАнын Шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясы Бишкекке келди. 2021-жылдын 25-ноябрында ТҮРКПАнын Айлана чөйрө, табигый ресурстар жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссиясынын Төрагасынын орун басары, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын мүчөсү Режеп Шекер мырза жетектеген жана курамына парламентарийлерден – Хикмат Мамедов мырза (Азербайжан), Нурлан Бекназаров, Елдос Абаканов мырза (Казакстан), Шенел Йедийылдыз мырза, Юксел Өзкан мырза, Өмер Фетхи Гүрер мырза, Яшар Карадаг мырза жана Худа Кая мырза (Түркия) кирген миссия, ошондой эле Катчылыктын өкүлдөрү өздөрүнүн байкоо ишмердигин баштаган. ТҮРКПАнын байкоочулары байкоо программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) Төрайымы Нуржан Шайлдабекова айым менен жолугушушту. БШКнын Төраыймы байкоочуларды жылуу кабыл алып, ТҮРКПА Миссиясынын Кыргызстандагы шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча ишмердүүлүгүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Шайлдабекова айым шайлоо мыйзамдарына киргизилген акыркы өзгөртүүлөр, шайлоо процессинде жогорку технологиялардын колдонулушу, ошондой эле парламенттик шайлоого даярдыктардын жүрүшү, анын ичинде материалдык жана техникалык аспектилер боюнча Миссияга кеңири маалымат берип, байкоочулардын суроолоруна жооп берди. Миссия шайлоону таза, эркин жана ачык өткөрүүдө БШК-нын ишине ийгиликтерди каалап, добуш берүү процессинин жыйынтыктары өлкөнүн мындан аркы гүлдөп-өсүшүнө салым кошооруна ишенимин билдирди.