ТҮРКПАнын Шайлоолорго байкоо жүргүзүү боюнча Эл аралык Миссиясы Ошто байкоо жүргүздү
Дата
Көрүү
180
2025-жылдын 30-ноябрында ТҮРКПА Миссиясынын мүчөлөрү-Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын мүчөлөрү Махмут Өзер мырза, Кадим Дурмаз мырза жана Филиз Кылыч айым, ошондой эле Азербайжан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын катчысы Микаил Рахимов мырза, Азербайжан Республикасынын БШКнын Катчылыгынын бөлүм башчысы Фарид Абилов мырза, ТҮРКПАнын Эл аралык Катчылыгынын кызматкерлери жана Түркиянын парламенттик кызматкерлеринен турган курам Кыргыз Республикасындагы Мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоого Эл аралык байкоо жүргүзүүнүн алкагында Ош жана Өзгөн шаарларында шайлоого байкоо иш-чараларын жүргүзүштү.
ТҮРКПАнын байкоочулары Ош жана Өзгөн шаарларындагы шайлоо участкаларына барып, шайлоо процессинин жүрүшүн ар кайсы жерлерде баалашты.
Миссиянын мүчөлөрү шайлоо участкаларындагы добуш берүү процессин, негизги көңүлдү шайлоо мыйзамдарынын сакталышы, шайлоо комиссияларынын уюштурулушу жана иштеши, шайлоо участкаларынын жеткиликтүүлүгүнө жана шайлоочулардын эркин тандоосун камсыз кылуу шарттарына көңүл бурушту. Мындан сырткары, байкоочулар шайлоо участкаларынын кызматкерлери жана жергиликтүү байкоочулар менен пикир алмашышты.