TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПАнын Шайлоолорго байкоо жүргүзүү боюнча Эл аралык Миссиясы Бишкекте байкоо жүргүздү

ТҮРКПАнын Шайлоолорго байкоо жүргүзүү боюнча Эл аралык Миссиясы Бишкекте байкоо жүргүздү

Дата
Көрүү
184
Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Миссиясы 2025-жылдын 30-ноябрында Бишкекте Мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоонун жүрүшүнө кыска мөөнөттүү байкоо жүргүздү. Бишкектеги Миссиянын мүчөлөрүн Миссиянын башчысы, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин депутаты Абзал Куспан мырза, Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин депутаты Жаваншир Фейзиев мырза, Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын депутаты Серик Шайдаров мырза, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын мүчөлөрү Осман Местен жана Махмут Рыдван Назырлы мырзалар, ТҮРКПА Эл аралык Катчылыгынын кызматкерлери жана Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын парламентинин кызматкерлери түздү. Миссия бир нече шайлоо участокторуна барып, шайлоо участкаларынын ачылышынан баштап, добуштарды эсептөөгө чейинки процесске байкоо жүргүздү. Байкоо жүргүзүү иштеринин алкагында шайлоочулар, шайлоо участкасынын кызматкерлери жана жергиликтүү байкоочулар менен баарлашып, жалпыга маалымдоо каражаттарына маек курушту.