TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПАнын Шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясы Өзбекстандын БШК Төрагасы менен жолугушту

ТҮРКПАнын Шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясы Өзбекстандын БШК Төрагасы менен жолугушту

Дата
Көрүү
159
2024-жылдын 25-октябрында ТҮРКПАнын Шайлоого байкоо жүргүзүү Миссиясы (ШБМ) Өзбекстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) Төрагасы Зайниддин Низамхожаев менен жолугушту. БШКнын Төрагасы Миссиянын мүчөлөрүн куттуктап, өлкөнүн өкүлчүлүктүү органдарына шайлоого даярдыктар тууралуу маалымат берди. Ал Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасына шайлоо үчүн пропорционалдык жана мажоритардык айкалыштырган жаңыдан киргизилген аралаш шайлоо системасы, анын ичинде бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча 75 депутат жана партиялык тизме боюнча 75 депутат шайланышы тууралуу маалымат берди. Ал ошондой эле шайлоону башкаруу түзүмүндөгү өзгөртүүлөрд киргизилип, саясий партиялар тарабынан талапкерлерди көрсөтүүдө аялдар үчүн квота 30%дан 40%га чейин көтөрүлгөндүгүн белгиледи. Зайниддин Низамхожаев парламенттик шайлоого жалпысынан 875 талапкер катталганын, анын ичинен 375и бир мандаттуу округдар боюнча, 500ү партиялык тизме боюнча ат салышканын билдирди. Чет өлкөдө 40 өлкөдө 57 шайлоо участогу менен бирге жалпысынан 11 028 шайлоо участкасы түзүлдү. БШК Төрагасы шайлоо күнү жашаган жериндеги шайлоо участкаларында добуш бере албай турган жарандар үчүн мөөнөтүнөн мурда добуш берүү процессине токтолуп, мөөнөтүнөн мурда добуш берүү 16-октябрдан 23-октябрга чейин өткөнүн белгиледи. Анын сөзү боюнча, парламенттик шайлоого 850дөн ашык эл аралык байкоочулар аккредитацияланган. Ошондой эле шайлоо процессинин катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсүн санариптештирүү үчүн иштелип чыккан «Е-сайлов» маалыматтык системасы тууралуу маалымат берди. Өз кезегинде Миссия шайлоо процессинин ийгиликтүү өтүшүн каалады. ТҮРКПА ШБМнын курамына Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын парламентарийлери – Ахлиман Амирасланов жана Агалар Валиев (Азербайжан), Кудайберген Бексултанов (Казакстан), Азизбек Турсунбаев (Кыргызстан), Осман Местен, Махмут Рыдван Назырлы, Кадим Дурмаз, Харун Өзгүр Йылдызлы, Филиз Кылыч, Өмер Фарук Гергерлиоглу (Түркия), ТҮРКПАнын Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр, парламенттин кызматкерлери жана ТҮРКПА Катчылыгынын өкүлдөрү кирген. Миссияны Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын мүчөсү Осман Местен жетектеген.