ТҮРКПАнын Шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясы Өзбекстандагы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого байкоо жүргүздү
Дата
Көрүү
152
Өзбекстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чакыруусу боюнча Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын мүчөсү Халук Ипек жетектеген жана мүчө мамлекеттердин парламентарийлеринен, ошондой эле ТҮРКПА Катчылыгынын өкүлдөрүнөн турган ТҮРКПА Шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясы 2023-жылдын 9-июлунда Өзбекстанда өткөн кезексиз президенттик шайлоого кыска мөөнөттүү мониторинг жүргүздү.
Миссия Өзбекстандагы ишмердигин 2023-жылдын 7-июлунда баштаган. Байкоо программасынын алкагында ТҮРКПАнын байкоочулары БШКнын Төрагасы Зайниддин Низамходжаев менен жолугушту.
Шайлоо күнү Миссия Ташкенттеги бир катар шайлоо участкаларында болду. Миссиянын мүчөлөрү шайлоо участоктору ачылгандан баштап добуштарды саноого чейинки бардык этаптарда добуш берүү процессине байкоо жүргүзүштү. ТҮРКПАнын байкоочулары добуш берүүнүн жүрүшүнө көз салып, шайлоочулар, жергиликтүү байкоочулар жана шайлоо участкаларынын кызматкерлери менен жеринде баарлашты.
10-июлда Миссия өзүнүн байкоо ишмердигинин алдын ала жыйынтыктары боюнча маалымат жыйынын өткөрдү.
Миссия шайлоо күнү тынч өткөнүн жана байкоо жүргүзүлгөн шайлоо участкаларында жалпы добуш берүү процесси оң бааланганын белгиледи. Миссия мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча шайлоону башкаруу органдары тарабынан көрүлүп жаткан чараларга жогору баа берди. Төмөнкү деңгээлдеги комиссияларды окутуу жана шайлоо процесси жөнүндө коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу боюнча БШК тарабынан көрүлгөн чаралар жогору бааланды.
БШКнын маалыматы боюнча, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого 797 эл аралык байкоочу аккредитациядан өткөн. Бул алкакта Миссия Өзбекстандагы шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүү үчүн каралган укуктук жана материалдык-техникалык шарттарды жогору баалады.
Миссия Өзбекстанда 2023-жылдын 9-июлунда өткөн мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо Өзбекстан Республикасынын улуттук мыйзамдарына жана эл аралык шайлоо стандарттарына ылайык өттү деген корутунду чыгарды.
Сапардын алкагында Ташкент жана Самарканд шаарларында маданий программа да уюштурулган.