ТҮРКПАнын Миссиясы Түркиядагы шайлоого катышкан саясий партиялардын өкүлдөрү менен жолугушту
Дата
Көрүү
136
ТҮРКПАнын Шайлоого байкоо жүргүзүү Миссиясы Түркия Республикасында 2023-жылдын 14-майында өтө турган президенттик жана парламенттик жалпы шайлоолорго кыска мөөнөттүү мониторинг жүргүзүү үчүн Анкарага келди. Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Саламаттыкты сактоо комитетинин жана ТҮРКПАнын Айлана-чөйрө, табигый ресурстар жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссиясынын Төрагасы Ахлиман Амирасланов жетектеген миссиянын курамына Азербайжандын, Казакстандын жана Кыргызстандын парламентарийлери жана ТҮРКПА Катчылыгынын өкүлдөрү кирет.
Миссия 2023-жылдын 12-майында Түркияда ишмердигин баштап, шайлоого катышкан саясий партиялардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү. Бул жолугушууларда миссиянын маектештери – Улутчул кыймыл партиясынын (УКП) Төрагасынын орун басары Мевлүт Каракая, Республикалык элдик партиясынын (РЭП) Төрагасынын орун басары Текин Бингөл, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партия) тобунун Төрагасынын орун басары Мустафа Элиташ жана “ИЙИ Партиясынын” (Жакшы партия) өкүлү Айхан Алтынташ 14-майда өтө турган шайлоо алдындагы абал жана күтүүлөр боюнча Миссияга көз караштары менен бөлүшүштү.
Миссия таза жана ачык шайлоо өткөрүүдө ийгиликтерди каалады.