TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПАнын Эл аралык Шайлоолорго байкоо жүргүзүү Миссиясы БШКнын Төрагасы менен жолугушту

ТҮРКПАнын Эл аралык Шайлоолорго байкоо жүргүзүү Миссиясы БШКнын Төрагасы менен жолугушту

Дата
Көрүү
157
2025-жылдын 29-ноябрында ТҮРКПАнын Шайлоолого байкоо жүргүзүү Миссиясы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдар боюнча борбордук комиссиясынын (БШК) Төрагасы Тынчтык Шайназаров мырза менен жолугушту. БШКнын Төрагасы ТҮРКПА миссиясынын мүчөлөрүн боордош Түрк мамлекеттердин өкүлдөрү катары тосуп алуудагы кубанычын билдирди. Төрага Миссияга мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоонун негизги өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди. Чет өлкөлөрдөгү шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн чет өлкөлөрдө 100 шайлоо участогу түзүлгөнүн белгилеген БШКнын Төрагасы Түрк мамлекеттерде түзүлгөн шайлоо участокторуна токтолду. Миссия жаңы добуш берүү жабдуулары жана бул шайлоодо колдонулган аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгү тууралуу маалымат алышты. Миссиянын мүчөлөрү жылуу тосуп алгандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип, Кыргыз Республикасынын пайдасы үчүн шайлоо ийгиликтүү болушун каалашты. Тараптар Түрк мамлекеттердин ортосундагы тездик менен өнүгүп жаткан кызматташтыкты жана бул процесстерде ТҮРКПАнын ролун баса белгилешти. Бул контекстте, Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы Казакстан Республикасынын Президенти К.Ж. Токаевдин демилгеси жана Түрк Мамлекеттер Уюмунун каржылоосунда 2025-жылдын 14-майында Казакстандагы Түрк дүйнөсүнүн руханий борбору- Түркстан шаарында түзүлгөн Түрк мамлекеттердин Борбордук шайлоо органдарынын Консультативдик Платформасынын (APCEA) маанилүүлүгүн белгиледи. Миссиянын программасын БШКнын Эл аралык байкоочулар үчүн даярдалган Мөөнөтүнөн мурда Парламенттик шайлоо жөнүндөгү презентациясына катышуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан расмий түшкү тамак жана БШКнын төрагасынын атынан расмий кабыл алуу камтыды. ТҮРКПАнын Шайлоолорго жана референдумдарга байкоо жүргүзүү боюнча Эл аралык миссиялары 2010-жылдан бери Түрк мамлекеттердеги улуттук шайлоолорго жана референдумдарга байкоо жүргүзүп келет. 2025-жылдын 30-ноябрында Кыргыз Республикасында Мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоолорго кыска мөөнөттүү мониторинг жүргүзүү үчүн түзүлгөн ТҮРКПАнын Шайлоолорго байкоо жүргүзүү боюнча Эл аралык Миссиясы Азербайжан парламентинин, Казакстан жана Түркия Республикасынын депутаттарынан, Азербайжандын Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрүнөн, ТҮРКПАнын Эл аралык Катчылыгынын кызматкерлеринен жана Түркия парламентинин кызматкерлеринен турат. Миссияны ТҮРКПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын төрагасынын орун басары, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин мүчөсү Абзал Куспан жетектөөдө.