ТҮРКПАнын делегациясы Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Парламентинин Төрагасы менен жолугушту
ТҮРКПАнын Башкы катчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу Бектур Баказаков жетектеген Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Эл аралык катчылыгынын делегациясы Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Парламентинин Төрагасы Зия Өзтүрклердин чакыруусу боюнча Түндүк Кипр Түрк Республикасына иш сапары менен барды. ТҮРКПАнын Башкы катчысы Элчи Рамиль Хасандын атынан делегация 2026-жылдын 19–21-июлунда өткөрүлүүчү 20-июль – Тынчтык жана эркиндик күнүнүн 52 жылдыгына арналган эскерүү иш-чараларына катышууда.
2026-жылдын 19-июлунда ТҮРКПАнын Эл аралык катчылыгынын делегациясы Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Парламентинин Төрагасы Улуу Мартабалуу Зия Өзтүрклер менен жолугушту.
Жылуу жана достук маанайда өткөн жолугушууда ТҮРКПА менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоо маселелери, ошондой эле Түндүк Кипр Түрк Республикасынын ТҮРКПАдагы байкоочу макамындагы ишмердүүлүгүнүн келечектеги багыттары боюнча пикир алмашуу болду.
Жолугушууга ошондой эле ТҮРКПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын катчысы д-р Кадыр Яман катышты.
Издөө
Акыркы жаңылыктар
-
Meeting of TURKPA Council was held in Bishkek
- 20 Oct 2026