TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПАнын делегациясы АӨИЧК Тышкы иштер министрлеринин 6-жыйынына катышты

ТҮРКПАнын делегациясы АӨИЧК Тышкы иштер министрлеринин 6-жыйынына катышты

Дата
Көрүү
132
2021-жылдын 11-12-октябрында Нур-Султан шаарында Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча Конференциянын (мындан ары - АӨИЧК) Тышкы иштер министрлеринин "Пандемиядан кийинки дүйнөнүн жаңы шарттарында Азиядагы коопсуздук жана туруктуу өнүгүү" деп аталган 6-жыйыны болуп өттү. Жыйынга АӨИЧКга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлери жана Тышкы иштер министрлеринин орун басарлары, АӨИЧКнын байкоочу өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрлери жана Тышкы иштер министрлеринин орун басарлары, Казакстан Республикасында аккредитацияланган Элчилер жана элчиликтердин өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын жана АӨИЧКнын өнөктөш уюмдарынын өкүлдөрү катышты. Жыйынга ТҮРКПАнын Башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов жетектеген делегациясы да катышты. Иш-чаранын алдында Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев мырза делегациялардын башчыларын кабыл алды. Күн тартиби кабыл алынгандан кийин делегациялардын башчылары чыгып сөз сүйлөштү. АӨИЧКнын Тышкы иштер министрлеринин 6-жыйынында көптөгөн документтер, анын ичинде укуктук документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Расмий кызмат адамдарынын комитетинин сунуштамалары кабыл алынды. АӨИЧКнын Тышкы иштер министрлеринин 6-жыйыны пресс-конференция менен аяктады. Иш-чаранын алкагында Башкы катчы Түрк мамлекеттеринин делегация башчылары менен жолугушууларды өткөрдү. ТҮРКПАнын делегациясынын курамына Башкы катчы Алтынбек Мамаюсупов, Башкы катчынын орун басары Талгат Адуов жана Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиянын катчысы Бауыржан Даткаев кирген.