TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПАнын Билим берүү, маданий, социалдык жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясы он экинчи жыйынын жана жыйындын алкагындагы семинарын өткөрдү

ТҮРКПАнын Билим берүү, маданий, социалдык жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясы он экинчи жыйынын жана жыйындын алкагындагы семинарын өткөрдү

Дата
Көрүү
155
2025-жылдын 16-майында ТҮРКПАнын Билим берүү, маданий, социалдык жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын “ТүркПАга мүчө мамлекеттер ортосунда билим берүү процесстерин жакындатуу: көйгөйлөр жана өнүгүү келечеги” темасындагы 12-жыйыны жана жыйындын алкагындагы “ТҮРКПАга мүчө мамлекеттердеги билим берүү тармагынын учурдагы чакырыктары, милдеттер жана өнүгүү жолдору” аталышындагы семинары Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин уюштуруусунда, онлайн форматта өткөрүлдү. Жыйын комиссиянын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Улан Бакасовдун төрагалыгы астында өттү. Жыйындын ачылышында комиссиянын төрагасы Улан Бакасов, комиссиянын төрагасынын орун басары, Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин депутаты Гүнай Эфендиева жана комиссиянын башка мүчөлөрү — Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин депутаты Хикмат Маммадов, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин депутаты Жылдуз Сулейменова, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ырысбек Атажанов, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын депутаттары Тахир Акюрек жана Өмер Фарук Гергерлиоглу, ошондой эле ТҮРКПАнын Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр сөз сүйлөштү. Семинардын жүрүшүндө Азербайжан Республикасынын Илим жана билим берүү министрлигинин Мектепке чейинки жана жалпы билим берүү башкармалыгынын башчысы Чапай Маммедов, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Илим жана инновациялар департаментинин жетектөөчү адиси Айжан Карыбекова, Түркия Республикасынын Жогорку билим берүү Кеңешинин кеңешчиси Ильяс Кара, Түркия Республикасынын Улуттук Билим берүү министрлигинин Улуттук билим берүү Академиясынын эксперти Мурат Аккуш жана Түркия Республикасынын Улуттук билим берүү министрлигинин Европа биримдиги жана тышкы байланыштар боюнча башкы дирекциясынын Эл аралык уюмдар департаментинин окутуучу-эксперти Шейма Нур Дүндар баяндама жасады. Жыйындын жана семинардын жүрүшүндөгү баяндамалардан кийинки талкуулар билим берүү тармагына, анын ичинде ТҮРКПАга мүчө мамлекеттердеги билим берүү системасынын чакырыктарына, көйгөйлөрүнө жана мүмкүн болгон өнүгүү жолдору көңүл бурулду. Жыйындын катышуучулары күн тартибиндеги маселелерди талкуулап, 11-12-июнда Казакстанда өтө турган ТҮРКПАнын Он төртүнчү пленардык отурумуна сунушталчу комиссиянын отчетун жана сунуштамаларын бекитишти. Күн тартибиндеги маселелердин бири Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин бөлүмүнүн сектор башчысы Жылдыз Собурова тарабынан даярдалган "Мугалимдин статусу жөнүндө" моделдик мыйзамдын долбооруна арналды. Комиссиянын кийинки жыйынын 2025-жылы Казакстанда өткөрүү чечими кабыл алынды. Семинардын максаты – бай билим берүү мурасына, олуттуу потенциалга жана тыгыз кызматташтык үчүн табигый негиз болуп берген жалпы тарыхый жана маданий мейкиндикке ээ болгон ТҮРКПАга мүчө мамлекеттердин ортосунда билим берүү тармагында тажрыйба жана билим алмашууну күчөтүү болду.